• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы: №72 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу жандандырылды

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын “Жал” кичирайонунда жайгашкан №72 мектептин жаңы окуу корпусунун курулуш иштери жандандырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 225 орундуу кошумча имарат курулуп бүттү, учурда жыйынтыктоо иштери жүрүп жатат.

"Курулушту "Монолит-Строй" компаниясы 37 миллион 176 миң 436 сомго жүргүзүүдө. Каражат коррупцияга каршы депозиттик эсептен бөлүнгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы мектептин эски жана жаңы имараттарын бириктире турган өткөөл галереяны долбоорлоо жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялоодо.

"Жумуштар 2021-жылга карата "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык пландаштырылган. Долбоорлоо иштеринин сметалык баасы 235 миң 19 сомду түздү, каражат шаардык бюджеттен каралган", - деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Сынактын кеңири маалыматы бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий