• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясы айдоочуларды унааларды бактардын алдына токтотпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Бишкекте катуу шамал менен коштолгон жаан-чачын жаап жатат. Ага байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы жалпы айдоочуларга кайрылып, унааларды бактардын алдына токтотпоого чакырат.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.

"Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгондор болсо, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 кабарлаңыз. Ошондой эле күнү-түнү сүрөт жана видеолорду 0554 -182-185 номери боюнча жөнөтсөңүз болот. Биздин адистер сизге жооп беришет", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий