• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясы: Ак үйдүн айланасындагы тосмо үч күндүн ичинде толук алынат

Коом 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Ак үйдүн айланасындагы тосмо үч күндүн ичинде толук алынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 14:00гө карата 145 метр тосмо алынган, жалпы узундугу 820 метрди түзөт. Темир тосмо Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан алынууда. Жалпы 40 жумушчу жана 7 атайын техника тартылган.

«Имараттын айланасындагы темир тосмонун баары алынат. Бир гана түштүк-чыгыш тарабындагы 7-апрель окуяларынын курмандыктарынын аттары жазылган эстелик такта алынбайт», - деп мэриядан билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий