• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясы алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрө баштады

Коом 0

Бишкек, 21.05.20 /Кабар/. Бишкек мэриясы 2020-2021-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык көрө баштады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алдыдагы кыш мезгилинде шаар тургундарын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жылуулук менен жабдуу жайларын даярдоо иштери азыртадан эле башталды.

«Азыркы учурда «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлери Кумарык жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги узундугу 90 метр болгон жылуулук түтүктөрүн алмаштырууда. Ушуга байланыштуу аталган көчөдөгү участокто кыймыл чектелген», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Ишти 27-майда бүткөрү пландалууда.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы жана шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий