• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы арзан баадагы ундарды кайдан сатып алса болорун айтты

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы арзан баадагы ундарды кайдан сатып алса болорун айтты.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, бааларды турукташтыруу жана борбордун базарларын жана дүкөндөрүн толтуруу үчүн өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампалардан ун сатат.

Бишкек шаарынын тургундары биринчи сорттогу ундун килограммын 24 сомдон, экинчи сорттогу унду 16 сомдон Карадарьинская көчөсүндөгү 3-үйдүн базасынан сатып алса болот, толук маалымат алуу үчүн 0556 700 800.

Ошондой эле унду арзан баада Кулиев көчөсү 1 дарегиндеги шаардык ун комбинатынан сатып алууга болот, байланыш телефону: 0 (312) 658658.

Пикир

Оставить комментарий