• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Асанбай" сейил багын жаңылоо. Бишкектин вице-мэри тургундар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри Нурдан Орунтаев Октябрь районунун жашоочулары менен Бишкек шаарынын 125 жылдыгы (Асанбай) атындагы паркын модернизациялоо боюнча жолугушту.

Жолугушууга Мунципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу, акимдин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков, ЖК депутаты Дастан Бекешев, парктын ижарачысы жана райондун тургундары катышты.

"Вице-мэр жогоруда аталган паркты модернизациялоо маселелери боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бүгүнкү күндө сейил бак көңүл кейитерлик абалда, ал жерде жашыл бак-дарактарга зыян келтирбестен капиталдык ремонт жүргүзүү керек. Аттракциондорду жаңыртуу, аймакты көрктөндүрүү пландалууда", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Мындан тышкары, парктын аймагында эч кандай уруксат берүүчү документтери жок орнотулган (тургузулган) мыйзамсыз курулуштар бар.

Эске салсак, буга чейин «Бишкек шаарынын 125-жылдыгы атындагы (Асанбай) сейил багын модернизациялоо» долбоору боюнча жеке өнөктү тандоо сынагына катышуу үчүн борбордук мэриянын Мунципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин тарабынан квалификациялык суроо-талап жарыяланган. Бул долбоор шаар тургундары жана коноктору үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында сейил бактын инфраструктурасын өнүктүрүүнү жана модернизациялоону карайт.

Пикир

Оставить комментарий