• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясы асфальтбетондон бордюр жасоонун ыкмасын иштеп чыгат

Коом 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы атайын адистер менен биргеликте тротуарларды оңдоодо жана бордюрларды төшөөдө колдонула турган ыкманы иштеп чыгууну пландоодо.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул техника акчаны үнөмдөөгө жана шаардык кызматтардын ишмердүүлүгүн оптималдаштырууга багытталган.

"Ыкма иштелип чыккандан кийин Горький көчөсүнүн пилоттук участогуна асфальтбетон жол бордюрларын чыгарууну жана төшөөнү киргизүү пландаштырылууда. Ошондой эле бул бөлүктө тротуарлар төшөлүп, сугаруу пластик түтүктөрдү колдонуу менен, инженердик коммуникациялар жер астына төшөлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эксперименталдык технологияны ишке киргизүү сапатка, өндүрүштүн ылдамдыгына жана бордюрларды төшөөгө таасирин тийгизет, ошондой эле финансылык жана эмгек чыгымдарын бир топ үнөмдөйт.

Пикир

Оставить комментарий