• 79.87
  • 84.48
  • 1.3

Бишкек мэриясы ата-энелерди ооруган балдарды бала бакчаларга жана мектептерге жибербөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы ата-энелерди балдарында курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалса же алар байланышта болгондордон болсо, аларды мектепке жана бала бакчага жибербөөгө чакырат.

"Эгерде сиздин балаңыз ооруп калса, тезинен дарыгер чакырыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрү карантинди сактаган учурда окуучу же бала бакчага барган бала коронавирусту алып жүрүүчү болушу жана өзү да билбестен айланасындагыларга жугузуусу мүмкүндүгүн эсиңизден чыгарбаңыз. Урматтуу шаар тургундары! Карантин режимин сактоону суранабыз, эгерде ооруп жаткан болсоңуз жумушка чыкпай, беткап тагынып, колду тез-тез жууп же антисептик колдонуңуз жана эмдөөдөн өтүңүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга этият болуңуз", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуккан 742 жаңы учур катталды. Ал ортодо Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө COVID-19 вирусунун төртүнчү толкуну башталгандыгын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий