• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы: «Азиз» базарында кассалык аппараттарды колдонуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. «Азиз» базарында кассалык аппараттарды колдонуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Монополияга каршы комитет, салык кызматы жана МАБ менен биргеликте «Азиз» базарынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууда базарда чарбалык ишмердүүлүк менен алектенген чарба субъектилердин арасында контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуунун көйгөйлүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле базардын администрациясына азык-түлүк жана социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Район башчысы социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын баасын жогорулатпоо зарылдыгын жана райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылууну белгиледи.

Маалымат үчүн: “Азиз” кичи дүң базары М.Ганди, 201 дарегинде жайгашкан. аянты - 27 770 чарчы метр жана 120 соода орундарын түзөт .

Белгилей кетсек, товар жүгүртүүлөрү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей алышат.

ККМ ири соода борборлору үчүн милдеттүү болот. 8 миллион сомго чейинки соода жүргүзгөн чакан ишканалар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен салыктан бошотулат.

KKM-онлайн - бул ишкердик субъектиге таандык электрондук түзүлүштөргө (персоналдык/ноутбук компьютер, уюлдук телефон жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөргө) орнотулган программалык камсыздоо, анын жардамы менен накталай операциялар жүргүзүлө турган виртуалдык кассалык машина болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий