• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы: Бала бакчаларда жылуулук калыбына келтирилди

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бишкекте электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийинки абал жөнгө салынып, бардык билим берүү мекемелеринде, атап айтканда, бала бакчаларда жылуулук калыбына келтирилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө борбордо 90 мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар.

Биринчи май районунда 16 бала бакча бар, №5 мектепке чейинки билим берүү мекемесинен башкасынын бардыгында жылуулук калыбына келтирилди. Бул жерде электр энергиясы кеңири өчүрүлө электе эле жылытуу системасында авария болуп, оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ленин районунда 18 бала бакча бар. №22 мектепке чейинки билим берүү мекемеси ички жылытуу системасындагы бузулуулардан улам убактылуу жабылды.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көрсөтмөсү боюнча убактылуу жабылган №14 мектепке чейинки билим берүү мекемесин кошпогондо, Свердлов районунун аймагындагы бала бакчалар штаттык режимде иштөөдө.

Октябрь районунда 38 бала бакча болсо, анын 36сы эртең таңга чейин керектүү температуралык режимди орнотуп, дароо балдарды кабыл ала баштайт.

Бишкек шаарындагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологдорунун көрсөтмөсү менен №135 жана №148 бала бакчалар карантинге убактылуу жабылган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен бардык турак жай-коммуналдык чарба, тактап айтканда, «Бишкекжарык», «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканалары, «Бишкекжылуулукэнерго» КИси, «Бишкексууканал» ӨЭБ күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий