• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек мэриясы: Базарда азык-түлүккө болгон баалар туруктуу

Коом 0

Бишкек, 15.03.20. /Кабар/. Шаардагы базарларда баазар туруктуу. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мэрия базар жана дүкөндөрдөгү күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз көтөрүүгө жол бербөө максатында байкоо жүргүзүп турат.

«Биз тиешелүү орган кызматкерлери менен биргеликте шаардагы дүкөндөрдү кыдырып, бааларга мониторинг жүргүздүк. Ишкерлерге күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жана атайылап көтөрүүгө жол бербөө керектиги тууралуу маалымдадык», - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө таянсак, азык-түлүктөргө болгон баалар көтөрүлгөн эмес. Мисалга, «Аламүдүн» базарында бир килограмм унду 25-35 сомдон сатып алса болот. Нандын орточо баасы 10-18 сом, ал эми сүт 35-40 сомдон. Уй этин 350-400 сомдон сатып алса болот, ал эми койдун эти 330-350 сомдун тегерегинде болууда.

«Башка базарларда деле ушундай баалар. Азык-түлүк запасы жетиштүү», - деп ишендиришти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий