• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек мэриясы: “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын отканалары кышка 98% даяр

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору Баимбет Байгараев ишкананын бөлүмдөрүнүн бардык жетекчилери менен иш жыйын өткөрдү.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча отчет жана эпидемиологиялык абал, коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар каралды.

Азыркы учурда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү аяктоо алдында турат. Өткөн жумада башкы инженер баш болгон өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн, энергетика кызматтын кызматкерлеринин катышуусу менен отканалардын абалын текшерип чыгышты. 66 откананын 98% жылуулук берүү мезгилине даяр.

Жыйындын соңунда директор бөлүм башчыларына күн сайын отканаларды текшерүүнү жана ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана талаптарды катуу сактоону тапшырды. Кадрлар бөлүмүнө эмдөө алуу зарылчылыгы жөнүндө кызматкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий