• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы ишкерлерди “Ишкердик субъекттерин каржылоо” программасынын бет ачарына чакырат

Коом 0

Бишкек, 10.09.20/ Кабар/. Борбордук мэриянын экономика жана инвестициялар департаменти "РСК Банк" компаниясы менен биргеликте борбордук ишкерлерди чакан жана орто бизнести жеңилдетилген насыялоо жолу менен колдоо максатында “Ишкердик субъекттерин каржылоо” мамлекеттик программасынын бет ачарына чакырат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара эртең, 11-сентябрда Биринчи май акимиатынын жыйындар залында (Жибек-Жолу пр. 348а) саат 10:00дө башталат.

"Талкууга райондук акимиаттардын кызматкерлери жана "Кепилдик фонду"ААКнын өкүлдөрү катышат", - деп айтылат маалыматта.

Эгер бизнес-жолугушууга катышууну кааласаңыздар, катышуучулардын тизмесин: bishekon@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүңүздөр.

Пикир

Оставить комментарий