• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясы ишкерлерди онлайн режиминде өткөн аукционго катышууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди улантууда. Алсак, мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы ишин толугу менен электрондук форматка өткөрүп жатат. Эми муниципалдык мүлктү берүү электрондук аукцион аркылуу гана жүргүзүлөт, - деп кабарлайт Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Ага байланыштуу мэрия шаар тургундарын , ишкерлерди онлайн режиминде өткөн аукционго катышууга чакырат.

"Алгачкы 38 объект электрондук соода аянтына https://etp.okmot.kg/ сайтына жайгаштырылды, аукцион 30 күндүн кийин өткөрүлөт. Аталган платформа Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фондунда дагы иштеп келет", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, жер реформасынын алкагында жер жана муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бардык иштерди ачык жана так көрсөтүп, шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт.

Пикир

Оставить комментарий