• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы көмүр сатуучу отун базаларынын даректерин эскертет

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бишкектин бардык райондорунда отун базалары жана калкка көмүр сатуучу стационардык пункттар бар. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунда көмүр сатуучу кошумча пункттар ачылып, алардын саны 12ге жетти. «Кара-Кече» көмүрүнүн бир мүшөгү 250 сомдон төмөнкү даректерден сатып алууга болот.

- Щербаков көчөсү № 121;

- «Азиз» базары (Махатма Ганди бульвары, 201);

- Саадаев менен Чүй көчөсү №56 дарегинин кесилишинде;

- Месарош көчөсү № 96;

- Кызыл-Кыя көчөсү №170;

- Дэн Сяопин пр. № 531;

- Алыбаев Мидин жана Мыскал көчөлөрүнүн кесилишинде;

- Махатма Ганди бульвары жана Жапаров көчөсүнүн кесилишинде;

- Архитектор жана Чүй №23 көчөлөрүнүн кесилишинде;

- Профессор Зима көчөсү № 198;

- Архитектор көчөсү №43;

- Махатма Ганди бульвары №210.

Свердлов районунда ИК (инновациялык компания) «Гефест» ишканасынын Достоевский №1 дарегиндеги отун базасынан көмүр ташылат. 1 тонна «Шабыркүл» көмүрүнүн баасы 4500 сом.

Көмүр да жеке жактар тарабынан 11 соода түйүндөрүндө сатылат. «Кара-Кече» көмүрүнүн баасы тоннасына 4500 сом, мүшөгү 250 сом:

- айланма жолдо 10 пункт ("Келечек" конушу);

- айланма жолдо 1 пункт ("Дордой-2" конушу).

Октябрь районунун көмүр базасы Төкөлдөш конушунда («Кара-Жыра» ЖЧКсы) жайгашкан, 1 тоннасы 4500 сом.

Ошондой эле, Анкара-Достоевский көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Кара-Жыгач» жаңы конушунда «Кара-Кече» көмүрүнүн 1 тоннасы 4800 сомдон, 1 мүшөгү 250 сомдон сатылууда.

Ленин районунда төмөнкү даректерде көмүр сатылууда:

- Мурманская көчөсү №1 «Ак-Жол» ЖЧКсы ;

- Мурманская № 59А "Торг-Синтез" ЖЧКсы;

- Мурманская № 259 «Береке» ЖЧКсы;

- Мурманская № 1Б «Беш Сары» ЖЧКсы;

- Пушкин көчөсү № 182;

- Гагарин көчөсү № 67;

- Баррикадный чолок көчөсү №2.

КР Коргоо министрлигинин Көмүр базасы Мурманская № 306б дарегинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий