• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкек мэриясы: Күндүзгү стационарларга 27 миңден ашуун жаран кайрылган

Коом 0

Бишкек, 14.07.20 /Кабар/. Бишкекте 13-июлга карата күндүзгү стационарларга 27 миң 169 жаран кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 20 миң 317 жаранга тамчылатма дары куюлса, 6 миң 687сине медициналык кеп-кеңеш берилген.

12 стационарда 241 дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана ыктыярчылар иштеп жатат. Жумушка тартылган адистердин баардыгы жеке коргонуучу каражаттар, тамак-аш жана убактылуу жашоочу жай менен камсыз болгон.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү максатында мэрия тарабынан жарандарды кабыл алууга ачылган күндүзгү стационарлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин курч респиратордук вирустук инфекциянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандар келип, кеп-кеңеш алып, ийне сайдырып кетсе болот.

Пикир

Оставить комментарий