• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы Каражыгач токоюнда муниципалдык жерлерди басып алууну алдын алды

Коом 0


Бишкек, 4-май /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Жер иштетүү жана курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, Каражыгач токоюндагы Керчен тар көчөсүндө муниципалдык жерди басып алууну алдын алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул дарек боюнча 3 мыйзамсыз пайдубал буздурулду. Капиталдык курулуштардын көлөмү 10х6 метрди түзгөн.

Маалымдама: КР КК 172-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жерлерди өз эрки менен ээлеп же басып алуу 7 жылдан 10 жылга чейинки эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Пикир

Оставить комментарий