• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясынан казакстандыктарга көрсөтүлгөн жардам тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы Казакстандын жарандарына колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, өткөн суткада борбор калаанын мэриясынын кызматкерлери Казакстандын 247 жаранын тосуп алып, анын ичинен 195ин дароо чек арага жөнөтүүгө жардам көрсөтүшкөн. Калгандары да топ-топ болуп үйлөрүнө жөнөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, учуп келгендер үчүн Казакстан менен мамлекеттик чек ара багытында жөнөгөнгө чейин Бишкектеги мейманканаларда түнөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Мейманканага жайгашуу үчүн паспорт жана конуу талону талап кылынат.

Бишкек шаарынын мэриясы Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен тынымсыз байланышта болуп, Казакстандын жарандарын тосуп алууну улантууда.

«Бир тууган эл үчүн кыйын учурда жардам бергендердин баарына жана ар бир адамга ыраазычылык билдиребиз», - деп белгилешти муниципалитет.

Пикир

Оставить комментарий