• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек мэриясы коомдук транспорт каттамдар арасында сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 18.12.17 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы 2017-жылдын 15-декабрынан тартып Бишкек шаарындагы коомдук транспорт каттамдарын тейлеген ташуучулар жана айдоочулар арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак ак ниеттүү адистерди колдоо, шаар тургундарын транспорт менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле шаар каттамдарын тейлеген ташуучуларга дем берүү максатында жарыяланды.

Бүгүнкү күндө коомдук транспорттордун иштерин уюштурууда комлекстүү чечимдерди талап кылган көйгөйлөр бар. Буга далил катары ташуучулар жана айдоочулар тарабынан катталган бузуулар жана көрсөтүлгөн тейлөөнүн сапатына шаар тургундарынан болгон даттануулар.

Ошентсе да, көпчүлүк автобус, троллейбус жана кичи автобустардын ак ниеттүү айдоочулары, жумушчулары күн сайын каттамга чыгып, шаар тургундарын калаанын каалаган жерине чейин жеткирип иштешүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, сынакта муниципалдык жана жеке коомдук транспорттордун айдоочулары арасында мыкты айдоочуну, мыкты каттам жана мыкты ташуучуну аныктоо каралган.

"Жеӊүүчүлөрдүн бир жылдык иштеринин жыйынтыктарын эске алуу менен жаӊы жылдык майрамдарга чейин аныкталат. Жеӊүүчүлөрдү аныктоодо кыймылдуу курамдын техникалык жана санитардык абалы, жол кыймылынын эрежелеринин сакталышы, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты, шаар тургундары тарабынан каттамдын ишине арыз, даттануулардын жоктугу эске алынат.

Коомдук транспортторду, автобус, троллейбус же кичи автобустардын кызматтарын колдонгон шаар тургундары ак ниеттүү жана жагымдуу шарттарды түзгөн, маданияттуу, өзгөчөлөнгөн айдоочуларды сыйлоо үчүн өздөрүнүн сунуштарын жибере алышат.

Урматтуу шаар тургундары! Өзүӊүздөдүн сунуштарыӊыздарды Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына WhatsApp колдонмосу аркылуу 0700771097, 0553013777 номерлерине жибере аласыздар",- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий