• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен курулуп жаткан жолдор тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы курулуп жаткан жолдорго пресс-тур уюштуруп, анын жүрүшүндө журналисттер Кытайдын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» (2-фаза) долбоорунун алкагында реконструкцияланып жаткан 4 көчө менен таанышты.

Жолду реконструкциялоо боюнча долбоорлор «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден 7-Апрелге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери гана жүргүзүлбөстөн, Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу иштери да жүрүп жатат. Жолдун узундугу 750 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 16 метрди түзөт. Азыр көпүрөнүн курулушу 95% бүтүп, жолдун негизин, бордюрларын куруу иштери толук бүткөрүлдү. Туурасы 2,25 метр тротуарларды орнотуу аяктоодо. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө асфальт-бетон аралашмасын төшөө, жол белгилерин орнотуу жана жол белгилерин коюу иштери жүргүзүлүүдө.

Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсүнүн Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн узундугу 1,9 км, жолдун туурасы 9 метрди түзөт. Ошондой эле жолдун эки тарабына ирригацияларды жана 1,5 метр тротуарларды төшөө пландалууда. Учурда оңдоо иштерине тоскоол болгон 4 жеңилдетилген типтеги объект жана 24 тосмо алынууда.

Белгилей кетсек, аталган көчөгө Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан таза суу түтүктөрүн куруу пландалууда. Ошол себептүү жолдун аталган тилкесинде жол иштери убактылуу токтотулган.

Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштер уланууда. Жолдун узундугу 1 км, туурасы 9 метр, тротуардын туурасы 2,25 метрди түзүп, жолдун эки тарабына ирригация орнотулат.

Шералиев көчөсүнүн Жайыл-Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн узундугу 1 км, туурасы 9 метрди түзөт. Ошондой эле жолдун эки тарабына 2,25 метр тротуар жана ирригация орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий