• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы кызы менен такси кызматында иштеген жаранга жардам көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы кызы менен такси кызматында иштеген жаранга жардам көрсөтөт.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жаран муниципалитетке кечээ, 9-августта жардам сурап кайрылган. Ал бала бакчага электрондук кезекке туруу үчүн Свердлов районунун Билим берүү борборуна жөнөтүлгөн.

"Бирок мектепке чейинки билим берүү мекемесине кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшырарда, кызынын №83 медициналык формасы жок болуп чыккан. Кийинчерээк жаран Ош шаарынын тургуну экени дагы аныкталган. Бул учурда, азыркы жашаган жеринен маалымкат дагы талап кылынат, бирок ал документ арыз ээсинин колунда болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

"Эгерде массалык маалымат каражаттарына кайрылган жаран бардык керектүү документтерди тапшырса, биз сөзсүз түрдө кызын бала бакчага жайгаштырабыз. Аны райондук билим берүү борборунда күтөбүз", - деп кошумчалашты мэриядан.

Эскерте кетсек, буга чейин массалык маалымат каражаттарында үч жашар кызы менен такси кызматында иштөөгө мажбур болгон, кызын калтырганга эч кимиси жок жаран жөнүндө маалымат чыккан.

Пикир

Оставить комментарий