• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясы: лифттеги окуяны иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынан лифттеги окуяны иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөндүгүн билдиришти.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Улан-1 кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн лифтинде бир адам каза болгону белгилүү болору менен «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын жетекчилери жана КРнын Энергетика министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик экологиялык инспекциянын өкүлү ал жакка барды.

Алар келгенге чейин лифтчи-оператор инструкцияга ылайык лифттин тогун өчүрүп, жабырлануучуну эвакуациялоо үчүн электромеханикти чакырган.

Кырсыкты иликтөө жол-жобосуна ылайык, борбор калаанын мэриясы тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына «Бишкешаарлифт» муниципалдык ишканасынын, Октябрь акимиатынын, Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана РИИБнин өкүлдөрү кирди.

Комиссия окуя болгон жерге экспертиза жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизаны эске алуу менен экспертизанын корутундусун даярдайт.

Окуяны укук коргоо органдары да иликтейт.

Пикир

Оставить комментарий