• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата Бишкек мэриясында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров күмүш төш белгилерди, кол сааттарды, Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Сыйлыктарды Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, борбордук аппараттын, шаардык жана райондук кызматтардын кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү алышты.

Мэр ар бир кызматкердин баа жеткис эмгегин белгилеп, борбор калаанын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалады!

Пикир

Оставить комментарий