• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы мектеп салганга жер тилкесин бөлөт

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы республикалык бюджеттин жана инвесторлордун эсебинен мектеп салганга шаардан жер тилкесин бөлүп бергенге даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мектеп курууга жер тилкесин бөлүп берүү сунушун ЖК депутаты Мурадыл Мадеминов киргизген.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарынын аймагында 4 мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Алар: “Калыс-Ордо” жаңы конушунда 600 окуучуга ылайыкталган, «Ак-Ордодо» 960 орундук, ошондой эле, «Мурас-Ордо», жаңы конушунда 450 балага ылайыкталган мектептин курулуштары жүрүп жатат.

Мындан тышкары “Жал” кичи районунда Кытай Эл Республикасынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен 600 орундуу мектеп салынып бүттү. Ал эми Бишкек шаарындагы №25 мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий