• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыктарын текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева Биринчи май районунун мектептеринин окуу жылына карата даярдыгын текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелерин оңдоо иштери дээрлик аяктады.

№27 жана 54, 36 мектептерде чатырлар алмаштырылууда. №28 мектепте жылытуу тутуму, №91 бала бакчада жууну бөлмөлөрү оңдолууда, ал эми №5 бала бакчада балдар аянтчасы жаңыланды.

Бардык иштер график боюнча уланууда жана окуучуларды кабыл алууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий