• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясы мектептерге жеке коргонуучу каражаттарды алууга 6,8 млн сом бөлдү

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке бара баштады. Мэриянын билим берүү башкармалыгы мектептерге жеке коргонуучу каражаттарды алууга акча бөлдү.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, 18-январда мектептерге 53,5 миңден ашык окуучу барса, ошол эле класстардын 3,680 окуучусу онлайн түрдө билим алууда. 6 миңден ашык мугалим онлайн жана офлайн режиминде билим берүүдө.

"Бүгүнкү күндө бардык 97 мектеп жана 87 бала бакча жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз болду. Жеке коргонуучу каражаттарга билим берүү башкармалыгы тарабынан 6,8 млн сом бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий