• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэри жана курулуш компания жетекчилери жаңы мектептердин курулушун талкуулады

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы билим берүү мекемелерин жана окуу имараттарын куруу маселеси боюнча курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Муниципалитет башчысы борбор калаадагы мектептердин көйгөйлөрүн, жаңы конуштарда билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш тармагынын өкүлдөрүн мэриянын тендерлерине катышууга, муну менен балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө борбор калааны колдоого чакырды.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун, КР министрлер кабинетинин колдоосу менен борбор калаада 16 мектепти куруу, анын ичинде учурдагы имараттарга кошумча имараттарды куруу пландаштырылууда.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, №6, №40, №20, №75, №73, №88 мектептердин жаңы окуу корпусун куруу, ошондой эле №76 мектептин түзүмүн бекемдөө жана капиталдык оңдоодон өткөрүү, №10 мектептин тирөөч конструкцияларын бекемдөө жана №35 мектептин спорт залын куруу пландалууда.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы “Көлмө”, “Ак-Босого”, “Рухий-Мурас”, “Алтын-Ордо”,” Мурас-Ордо”, “Ак-Ордо”, “Ак-Бата” конуштарында жаңы курулуштар боюнча долбоорлорду жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий