• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы менен Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Кеңеши кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Мэриянын имаратында Бишкек мэриясы жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Кеңеши ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Ведомстводон билдиришкендей, документке борбор калаанын вице-мэри Эркинбек Исаков менен Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Кеңешинин башкы катчысы Фахри Солка кол коюшту.

Меморандумдун максаты – Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Кеңеши, Түрк республикасынын Коджаэли муниципалитети жана Бишкек мэриясы менен биргелешкен кызматташтыкта Түрк Республикасынын гранттык каражатынын эсебинен Бишкек шаарындагы Ататүрк паркынын бир бөлүгүн калыбына келтирүү.

Пикир

Оставить комментарий