• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарды түрттүрдү

Коом 0


Бишкек, 28-июль /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүүнү улантып жатат. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн Ибраимов көчөсүндөгү темир-бетондон мыйзамсыз курулуп жаткан курулуш түрттүрүлдү.

Мэриянын маалыматына ылайык, жалпы аянты 240 чарчы метрлик жерде 20-6 метрлик жалпы колдонуудагы аянтта темир-бетондон курулуш жүрүп жаткан.

Ошондой эле, №42 турак үйдүн жашоочуларынын кызыкчылыктары бузулган.

Курулушту түрттүрүү мэриянын ыкчам штабынын Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курлуштарды жок кылуу ишинин алкагында уюштурулган. Ыкчам штаб 2017-жылдын башында түзүлүп, биринчи жарым жылдыкта 2 300 гө чукул обьектилер түрттүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий