• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы мындан ары онлайн режиминде иштейт

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мындан ары иш тартиби онлайн режиминде жүрөт.

Бул сымал иштер коронавирус илдетинин тарашын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында уюштурулууда.

"Мындан кийин шаар мэриясына соцтармактар жана телефон аркылуу кайрылса болот", - деп айтылат маалыматта.

Шаардын экономикалык жана финансалык саясат боюнча биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаевге 625826 номери аркылуу;

Социалдык маселелер боюнча Татьяна Кузнецовага 613680 номери аркылуу;

Транспорт жана жер саясаты боюнча Азиз Алымкуловго 613680 номери аркылуу;

Турак жай-коммуналдык кызматы боюнча Мирлан Амантуровго 613683, 625842 номерлери аркылуу;

Архитектура жана курулуш боюнча Уланбек Азыгалиевге 610820, 610733 номерлери аркылуу;

Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаевге 613683 номери аркылуу кайрылса болот.

Санап өткөн маселелерден тышкары суроолор жаралса, анда 1840, 1850, 0(312) 591802 номерлерине чалуу керек.

Пикир

Оставить комментарий