• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкек мэриясы Ош базарынын тегерегин тартипке келтирүүдө

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин раймамадминистрациясы башкалаанын ИИББсы, Райондук ИИБ, фискалдык органдар менен биргеликте башаламан соода-сатыкты жоюу, Ош базарынын тегерегиндеги Рыскулов, Бейшеналиева, Москва жана Павлов көчөлөрүндөгү чарбалык субъекттердин мыйзамсыз ишмердиктерине тыюу салуу максатында рейд жүргүздү.

Башкалаанын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө 50 мыйзамсыз орнотулган жарнамалык объекттер алынды. 137 турак үй текшерилип, алардын 27синде коммерциялык интимдик мейманканалар уюштурулганы белгиленип, интимдик кызмат көрсөткөн 10 кыз аныкталды. Жарандыгын тастыктаган документтери жок 21 адам кармалып, протоколдор түзүлдү.

Башаламан аялдамаларды уюштуруп алышкан шаар аралык маршруттук таксилердин патенттери текшерилип, административдик протоколдор түзүлдү.

Мындай иш-чаралар туруктуу уюштурулуп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий