• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мэрия: «Памир Строй» курулуш компаниясынын техникалары Бишкектин жолдорун булгаган

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы курулуш компанияларын тартипти сактоого чакырат.

Маалыматка ылайык, күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясынын тобу шаардын аймагын санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

«Памир Строй» курулуш компаниясынын техникалары жолдун өтүүчү бөлүгүн булгагандыгы аныкталды, анткени алар курулуш аянтчасынан чыга электе дөңгөлөктөрүн инерттик материалдардан тазалашкан эмес. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн булганышына жол бербөө боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 119-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ишканага протокол түзүлүп, 23 миң сом айыппул төлөө чечими кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууга болот:

Свердлов району боюнча: 0551551745;
Октябрь району боюнча: 0505523832;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий