• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясы санитардык нормаларды бузгандарды аныктоону улантууда

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Октябрь районунун санитардык абалын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ибраимов көчөсү №4 дарегинде жайгашкан «Гараж» унаа жуучу жайы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды. Ошондой эле арыктар таштандыга толуп, 2016-2017-жылдарга таштанды чыгарууга келишим түзүлгөн эмес.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан Иманкулов К.Б.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.

Пикир

Оставить комментарий