• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы шаар тургундары менен жолугушууларды кайра жандандырды

Коом 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаардык төрт райондун жашоочулары менен жолугушууларды кайра жандандырды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-январда саат 11:00 Патрис Лумумба көч. №9 дареги боюнча жайгашкан №83 орто мектептин актовый залында Биринчи май районунун "Касым", "Балбан-Таймаш", "Керемет", "Маданият", "Аска-Таш" жана "Тынчтык", конуштарынын жашоочулары менен жолугуу өтөт.

Мындай жолугушуулар шаардын баардык муниципалдык аймактык башкармаларында өтөт.

Аталган чогулуштарда баардык каалоочулар өздөрүн кызыктырган суроолорду бере алышат.

Пикир

Оставить комментарий