• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы шаарды жашылдандыруу даярдыктарын көрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда калааны жашылдандыруу иш-чараларын тааныштыруу болуп өттү.

Бишкек мэри Албек Ибраимов капиталдык оңдоодон өткөн №1 оранжереялык чарбанын күнөсканалары менен таанышып чыкты. Алгачкы күнөсканалар 1933-жылы курулса, акыркы курулуш 1986-жылга таандык. Курулгандан бери оранжереялык чарбада бир да жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016-жылы шаар мэриясы алгачкы ирет учурдагы күнөсканаларды толук оңдоо иштерин баштаган. Күнөсканаларда жумушчулар үчүн бардык тиешелүү заманбап шарттар түзүлгөн. 2016-жылдын декабрынан тартып күнөсканалардын дубалдарын поликарбонат менен каптап, чатырын эки кат ультра нурлардан сактоочу жана жылуулук кармоочу пленка менен жабуу иштери аткарылды. 5823 м2 күнөскананы жылытуучу жылуулук тутуму автоматташтырылды. Жарык берүү жана желдетүү жабдуулары жакшыртылып, алмаштыруу жана оңдоо иштери жасалды. Иш-чаралар күнөскана чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, чарбалык чыгымдарды жөнгө салуу максатында жасалды.

Ошондой эле, “Жашылдандыруу” ишканасынын адистери “Жаштар” паркын кайра куруунун көчө тренажерлору, теннис аянты, кичи футбол талаасы, балдар аянтчасы жана аквапарк менен жабдуу камтылган долбоорун сунушташты. Жолугушууда шаардын илдеттүү эмен дарактары маселеси талкууланды.

КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Биймырза Токторалиев Бишкек шаарынын жашыл бак-дарактуу аймактарында жашаган зыянкечтерге каршы күрөшүү ыкмалары тууралуу сунуштарды келтирди. Экологдун пикиринде, эң натыйжалуу жолу – инъекциялык ыкма, мында бак-дарактардын иммунитети чыңдалып, илдеттердин жана зыянкечтердин чабуулунун алдын алынат. Бул ыкма вирустук, бактериалык, өнөк ооруларды дарылоодо колдонулат. Зыянкечтер менен күрөшүүгө 12 млн сомдой каражат керектелсе, анын 8 млн сомуна инъекция жана 4 млн. сомуна желимдүү капкандар алынат. Учурда бак-дарактарды сактоо үчүн “Жашылдандыруу” ишканасынын бюджетин жакшыртуу иштери жүрүүдө.

Учурда бул МИнин кызматкерлери Бишкекте бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштерине даярдыктарды көрүп жатышат. Бишкектин 4 күнөсканасында жазгы отургузууга бир жылдык гүлдөрдүн 1 млн 500 миң уругу себилген. Баш калаада бегония, колеус, петуния, сальвия ж.б. гүлдөр отургузулат. Жалпысынан шаар боюнча гүлдүн 20 түрү айдалат. “Жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери архитекторлор менен биргеликте гүл чөнөктөрүнүн эскиздерин даярдап чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий