• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясы шаардыктарды бирдиктүү канализация тармагына кошулууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды бирдиктүү канализация тармагына кошулууга чакырат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы магистралдык канализациялык коллектордун курулушунун эсебинен шаардык канализация тармагынын кеңейтилишине байланыштуу, шаар тургундары борборлоштурулган канализация системасына кошулуу жана жашоо шартын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.

Жаңы канализация коллектору Пригородное айылындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдан Ахунбаев көчөсүнө чейин (жалпы узундугу – 11 км) өтөт. Коллекторду төшөө боюнча курулуш иштери алты бөлүккө бөлүнөт жана этап менен ишке ашырылат:

- тазалоочу жайдагы кабыл алуу камерасынан Юбилейная көчөсүндөгү түштүк-батыш коллекторуна чейин (узундугу - 2333 м.),
- түштүк-батыш коллектордон Фучик жана Ленская көчөлөрүнүн кесилишине чейин (узундугу - 1657 м.),
- Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишине чейин (узундугу - 2241 м),
- Кочкор жана Матыев көчөлөрүнүн кесилишине чейин (узундугу - 2304 м),
- Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишине чейин (узундугу - 2032 м),
- Асаналиев жана Гагарин көчөлөрү менен Кочкорская көчөсүнө чейин (узундугу - 669 м).

Курулуш иштери аяктагандан кийин жаңы коллекторго туташтыруу суроолору боюнча “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин “Бирдиктүү терезесине” кайрылууга болот.

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин «Бирдиктүү терезе» дареги : Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 10
Маалымат телефону: 0312– 31-72-94
Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30-17.30, түшкү тамактануу 12.00-13.00.

Пикир

Оставить комментарий