• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы шаардыктарды диалогго чакырат

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Виктория Мозгачеванын "Шаардыктар менен борбордун мэриясынын ортосундагы ачык диалог" долбоору боюнча биринчи жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбордо 6 жолугушуу - шаардыктар менен ачык диалог жана жыйынтыктоочу тегерек стол өтөт.

"Бардык жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча 60 активдүү бишкектик байгеге ээ болушат. Фейсбук социалдык тармагындагы төрт акимчиликтин баракчалары боюнча суроолорду берсеңиз болот. Долбоор борбор калаанын мэриясы, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана “Адам, Мыйзам, Эркиндик ", Сорос-Кыргызстан Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Биринчи жолугушуу 21-августта, саат 18:00дөн 20:00гө чейин Ден соолук паркында: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу чөйрө темасында өтөт.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын диалогго катышууга чакырат

Пикир

Оставить комментарий