• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы шаардыктарды сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардыктарды сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкекте жыл сайын муздак сууну колдонуунун көлөмү жана керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Учурда шаар боюнча абоненттердин саны 270 миң 342ни түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилинде абоненттердин саны 263 миң 286ны түзгөн. Буга байланыштуу мэрия абоненттерди суу ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.

Мэрия төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:

- Идиш же тишиңизди жууп жатканда кранды өчүрүңүз. Крандагы тынымсыз аккан суу текке кетиши мүмкүн. Бул жөнөкөй процедуралар учурунда кранды өчүрүү сууну бир топ үнөмдөөгө жардам берет.

- Кир жуугуч жана идиш жуугуч машинаңыздын толук кубаттуулугун колдонуңуз. Бул аппараттарды кир кийимдердин же идиштердин толук комплекти менен иштетүү сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.

- Эгерде сиздин үйүңүздө же турак жайыңыздын айланасында суу агып жатса, аны оңдоо керек.

- Жашыл жерлерди сугаруу түнкүсүн гана жүргүзүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий