• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы шаардыктарды ташуу үчүн кошумча транспорт издөөдө

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын тиешелүү органдары тарабынан жарандарды ташуу үчүн кошумча транспорт изделүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек шаардык транспорт маселелери боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Бишкек мэриясынын кызматкерлери ташуучу компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Өз кезегинде “Манас” эл аралк аэропорту” ААК шаардыктарды ташуу үчүн Бишкек мэриясына 4 автобус берди”,-деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-июнда борбор шаарда коомдук транспорттун тартыштыгы байкалууда, маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан.

Буга чейин ушул сыяктуу кырдаал ушул жылдын кышында болгон.


Пикир

Оставить комментарий