• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы шаардыктарга зыян келтирип кредит алуу тууралуу маалыматты четке какты

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга зыян келтирип кредит алууну пландап жатат деген маалыматты четке какты.

"Бишкек мэриясы ЕРӨБ долбоорунун алкагында 33 миллион евро өлчөмүндө каражаттарды тартуу пландаштырылып жаткандыгын маалымдайт, анын ичинен: грант 41%, 59% "Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорт системасын өркүндөтүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн узак мөөнөткө төмөн пайыздык чен жана жеңилдиктер менен кредит.

АӨБнын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы 50 млн. АКШ доллар суммасындагы “Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорт системасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашырууну пландап жатат. Анын ичинен 50% насыя, 50% грант. Долбоордун алкагында инфраструктураны түзүүгө болжол менен 670 миң АКШ долларын бөлүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Муниципалитеттен белгилешкендей, бул иш экологиялык жактан таза жана жайлуу жүргүнчү автобустарын камсыздоого багытталган, алар газ кыймылдаткычы жана электр энергиясы менен иштейт.

"Долбоорлор үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда кайра каржылоону караган субсидиардык келишим түзүлөт. Шарттар КРнын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда талкууланат", - деп түшүндүрүштү шаардык бийликтен.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарга, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, активисттерге диалог үчүн ар дайым ачык жана учурдагы мыйзамдарга ылайык маалыматты ыкчам түрдө өз убагында берүүгө даяр экендигин эскертет.

Белгиленгендей, маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" КР Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары жарыяланган маалыматтын тууралыгын текшерүүгө жана маалымат булагы менен бирге анын ишенимдүүлүгү үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга милдеттүү. Маалымат алуу укугун бузууга күнөөлүү адамдар мыйзам чегинде жооп беришет. Массалык маалымат каражаттары чындыкка дал келбеген басылмаларды чыгарган учурда, Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды такталбаган маалыматтан коргоо үчүн КРнын Жарандык кодексинин 18 -беренесине ылайык, аларды четке кагуу үчүн сот органдарына кайрылууга аргасыз болот.

"Ошондой эле мындай сөздөр эл аралык уюмдар менен мамилеге терс таасирин тийгизет", - деп кошумчалашты мэриядан.

Эскерте кетсек, буга чейин массалык маалымат каражаттарында активист Данияр Өмүрзаковдун борбор калаанын мэриясы шаардыктарга зыян келтирүү үчүн 7,8 миллиард сом кредит алууну пландап жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Пикир

Оставить комментарий