• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы шаардын унаа токтотуучу жайларынын заманбап системасын түзөт

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы жакынкы аралыкта борбор калаадагы унаа токтотуучу жайлардын системасын модернизациялоо боюнча иштерди баштоого ниеттенүүдө.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул шаардагы унаа токтотуучу жайлардын ишин иретке келтирүүгө багытталган.

Бул системаны, биринчи кезекте, шаардын көчөлөрүндө иштеп жаткан муниципалдык унаа токтотуучу жайларда, базарларда, сейил бактарда, эл көп чогулган жерлерде модернизациялоо пландалууда.

Келечектеги унаа токтотуучу жайлар аппараттык жана программалык комплекстерге негизделген заманбап системалар менен жабдылат, бул оператордун катышуусун кыскартат.

Натыйжада шаардагы бардык унаа токтотуучу жайлар иретке келтирилип, шаар тургундары заманбап, таза унаа токтотуучу жайларга ээ болушат.

Бул маселени тез арада чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясында жумушчу топ түзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий