• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы шайлоо участкаларында дезинфекция жана тазалоо иштерин жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы эртең, 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында калаадагы шайлоо участкаларында дезинфекция жана тазалоо иштерин жүргүздү.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ар бир райондо «Тазалык» муниципалдык ишканасынын бирден бригадасы (5-10 киши) бекитилген.

Шайлоо участкаларынын имараттарынын ичтери жана сырты тазаланды. Ар бир шайлоо участогунун кириш жерине фильтр уюштурулуп, шайлоочулардын дене табы текшерилет, кире бериштерге дезинфекциялоочу килемчелер, кызматкерлер үчүн коргонуу каражаттары даярдалган

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздер шайлоону өткөрүүгө жана даярдоого байланышкан арыздарды жана кайрылууларды, ошондой эле юридикалык, консультативдик-методикалык жардам боюнча WhatsApp 0990 02 12 55, 1255 (акысыз) кыска номерине кайрылып калтырсаңыздар болот. Же болбосо kgor_cec@shailoo.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүңүздөр», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий