• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек мэриясы шариктерди саткан Эрмектин үй-бүлөсүнө жардам берет

Коом 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн соода борборунун аянтында шарик сатууга мажбур болгон баланын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтөт.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тапшырмасы менен Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери бул үй-бүлөгө барышты. Алар белгилегендей, Эрмек Абдурахманов көзүнүн көрүүсү боюнча экинчи топтогу майып чоң энеси жана кичинекей карындашы менен жашайт. Балдардын апасы Россияга иштегени кеткен.

Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими боюнча үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, Эрмек Абдурахманов жаңы окуу жылынан баштап, шаардагы №20 мектептин 1-классына окуйт. Ал эми карындашынын жоголуп кеткен туулгандыгы тууралуу күбөлүгү калыбына келтирилип, ал №135 бала бакчага берилет. Ошондой эле, тиешелүү социалдык колдоо көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий