• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы Спорт башкармалыгынын башчысынын кызматтан алынышы боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Н.Токоноевдин кызматтан алынышы боюнча түшүндүрмө берди.

"Н.Токоноев Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу жетекчи кызматынан бошотулган. Мында КР эмгек мыйзамдарынын бардык нормалары сакталган. Токоноев кызматынан бошотулушу мүмкүн экендиги жөнүндө убагында кабарланган. Мындан тышкары, ээлеген кызматына ылайык үч орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө бошотуу жөлөкпулу төлөнүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2022-жылдын 6-июлундагы чечими менен Н.Токоноевдин доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган.

Муниципалитеттен белгилешкендей, Бишкек мэриясы бул чечимге макул эмес, сот аркылуу жогорку инстанцияга даттанууга камынып жатат.

"Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгын Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына кошуу жолу менен кайра түзүү КР жарандык жана эмгек мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен ишке ашырылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Белилей кетсек, буга чейин бир катар маалымат каражаттары Ленин райондук соту Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нурлан Токоноевдин доо арызы боюнча чечим чыгарганын жазган. Анда ал кызматтан мыйзамсыз бошотулганы айтылат.

Өкүмдүн алкагында мэриядан эмгек акы жана айып катары 616 миң 986 сом өндүрүү чечими кабыл алынган.


 

Пикир

Оставить комментарий