• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек мэриясы стационарларга кайрылгандардын саны азайып жаткандыгын билдирди

Ден соолук 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлар коронавирус жана пневмония менен ооруган жарандарды кабыл алууну улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Акыркы сутка ичинде стационарларга кайрылган жарандардын саны мурунку күндөргө караганда аз болду. 21-июлда күндүзгү стационарлар 3 миң 286 адамга жардам көрсөтсө, түнкү стационарларга 590 жаран кайрылган.

20-июлда күндүзгү стационарларга 62 миң 326 адам кайрылган. Алардын 46 миң 209у капельница алган, 15 миң 786сына медициналык кеңеш берилген жана 322 бейтап ооруканага жаткырылган.

15-22-июль аралыгында үч түнкү стационар 4 миң 318 жаранды кабыл алды. Алардын 15и ооруканага жаткырылган.

“Стационарлар кычкылтек концентраторлору жана пульсоксиметрлер менен камсыздалган. Ал жерлерде дарыгер, медайым, санитар, ординартор жана ыктыярчылардан турган топ медициналык жардам көрсөтүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 13 күндүзгү стационар саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштеп, медициналык жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле үч түнкү стационар да медициналык жардамга муктаждарды кабыл алууда.

Пикир

Оставить комментарий