• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясы сууга муктаждарды таза суу менен камсыз кылууда

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы таза сууга муктаж болгон жаңы конуштун тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылууну улантып жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкексууканалы” айрым жаңы конуштардан башка Бишкектеги дээрлик бардык райондорун таза суу менен камсыз кылат.

Таза суу менен камсыз кылуу Селекциядагы “Ак-Ордо”, “Арча-Бешик” жаңы конуштардын айрым жерлеринде маселе жаратып келет, анткен менен суу ташуучу унаалар менен тургундарга ичүүчү тиешелүү көлөмдө жеткирилип турат. Анда “Тазалык” ишканасы, Бишкек шаардык мэриясы жана “Бишкексууканал” ишканасынын кызматкерлери унаа менен түзүлгөн графиктин негизинде таза суу жеткирип турушат.

Ал эми “Ак-Бата” жана “Ак-Жар” жаңы конушунун тургундары дагы кезек кезеги менен ичүүчү суу менен камсыз болушууда.

Пикир

Оставить комментарий