• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы: Түркияга гумжардам тамак-аш азыктары түрүндө кабыл алынат

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Түркияга гуманитардык жардам тамак-аш азыктары түрүндө кабыл алынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаада Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылган.

Чогултуу пункттары төмөнкү даректерде жайгашкан:

Биринчи май району боюнча: Жибек-Жолу проспектиси № 495 дареги боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;

Ленин району боюнча: Чүй пр. № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;

Октябрь району боюнча: Байтик Баатыр көчөсү, №17 дарегинде жайгашкан муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында, телефон: 0(312) 578900;

Свердлов району боюнча: Чүй проспектиси №28 муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.

Ошондой эле табигат кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар бул эсептин реквизиттерине акча каражаттарын которо алат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркияга жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);
Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;
Максаты: Түркияга жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Пикир

Оставить комментарий