• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы турак жай-коммуналдык чарба боюнча кайда кайрылуу керектигин эскертет

Коом 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы турак жай-коммуналдык чарба боюнча кайда кайрылуу керектигин эскертет.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, авариялык бак-дарактар боюнча «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына 32-62-33, 0504210600 номерлериы аркылуу кайрылууга болот.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тейлеген абоненттер үчүн ишкананын ишеним телефондору дайыма жеткиликтүү:

-0312 21-28-44 - диспетчердик кызмат, арыздарды саат 8:00дөн 17:00гө чейин кабыл алат;

- 0312 21-29-06 - күнү-түнү иштеген диспетчердик кеңсе;

- 0701 777-110 - ишкананын What`sApp номери.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын иши боюнча кайрылууларды 65-69-21, 0704-418-985 номерлерине калтырууга болот.

Көчөдө капыстан караңгы болуп калса, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын авариялык-диспетчердик кызматы дайыма сиз үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115.

Санитардык-экологиялык инспекция санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу маселелери боюнча ар дайым байланышта:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;

- Октябрь району боюнча: 0505523832;

- Биринчи май району боюнча: 0555404818;

- Ленин району боюнча: 0554222213.

Жол белгилеринин жана жол сызыктарынын абалына байланыштуу суроолор «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына тиешелүү:

- 0312377657 диспетчердик кызмат (09:00-17:30 иштейт);

- начальниктин жеке кабыл алуусуна жазылуу үчүн - 0312377717;

- WhatsApp номери: 0550888162 (сүрөт жана видео үчүн).

Суу менен камсыздоо жана канализация боюнча бардык кайрылуулар менен “Бишкексууканал” башкармалыгынын бирдиктүү маалымат борборуна: 1533 телефону боюнча кайрылууга болот.

Жолдорду жана тротуарларды кардан, таштандыдан тазалоо жана шаар турмушундагы бардык маселелер боюнча колл-борбордун 1840, 1850 кыска номерлерине чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий