• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Учкун кичирайонунда 117 гараж бузулууга тийиш – мэрия

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Учкун кичирайонундагы гараждарды бузуу иштерин баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, инспекция буга чейин гараж ээлерине аталган жерди 30-сентябрга чейин бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берген.

"Аталган объектилер Свердлов шаардык соту тарабынан ушул жылдын 3-августунда мыйзамсыз деп табылган. 117 гараж бузулууга тийиш. Учурда инспекция 5 гаражды демонтаждады. Ээлери тарабынан 10 гараж алынган. Демантаждоо иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий