• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы уюштурган күндүзгү убактылуу стационарларда төртүнчү адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен калаанын төрт районунда ийне жана тамчылатып дары сайдыруу жана медициналык кеңеш алуу үчүн стационарлар иштеп жатат.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 6-июль кечки саат 20:00гө карата алынган мааалыматка ылайык, күндүзгү убактылуу стационарларга 3 миң 436 жаран кайрылган. Тилекке каршы, дагы бир бейтап көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 4кө жетти.

Ооругандарды 32 дарыгер, 13 ординатор, 63 медайым, санитарлар жана ыктыярчылар кабыл алууда. Жеке ишкерлердин колдоосу менен Кожомкул атындагы спорт сарайындагы стационарга -10, "Газпром" дене тарбия комплексине – 8, Чыгыш-5 кичи районундагы Р.Санатбаев атындагы дене тарбия комплексине – 10, "Бишкекнабайкана" муниципалдык ишканасына – 9 кычкылтек концентраторлору орнотулду.

"Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил түрү менен ооруп жатсаңыздар, ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо, күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн 20:00гө чейин кайрылсаңыздар болот. Эскерте кетсек, стационарлар оор абалдагы бейтаптар үчүн ылайыкташтырылган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий